Биз менен байланышыңыз

Көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 404 | 0

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүктү түзгөн коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырды.

Эми жаңы өкмөттүн курамы 17-июнда парламенттин жалпы жыйынында каралат.

15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арызын жазды. Анын отставкасын президент Сооронбай Жээнбеков 16-июнда кабыл алды. Абылгазиев Байланыш агенттигиндеги радиожыштыктарды сатуудагы коррупциялык иште аты аталып жаткан. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул иш боюнча Абылгазиевдин да жооп берүүсүн талап кылган.

Байланыш агенттигиндеги жыштыктарды сатуудагы коррупциялык иш боюнча тергөө жүрүүдө. Бул убакытта Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыгып турууну туура көргөн.

Өмүр таржымалы:

Кубатбек Боронов 1964-жылы 15-декабрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган.
Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Айыл чарба, курулуш» факультетин аяктаган. 2011-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын «Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1982-1983-жж. – Ош облусунун Алай районунун «Социализм» совхозунун сүт-товардык фермасы, каттоочу;

1983-1985-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1985-1991-жж. – Фрунзе политехникалык институтунда окуган;

1991-1991-жж. – «Фрунзекурулуштун» 9-курулуш-монтаждык башкармалыгы трестинде каменщик болуп иштеген;

1992—1996-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу «Стройлескомплект» ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп иштеген;

1998-2000-жж. – «Кыргызкурулуш» АК караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору;

2003–2003-жж.– Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылган, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган;

2003-2006-жж. – Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2006-2008-жж. -Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2009-2010-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;

01.2010-08.2010-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;

08.2010-12.2011-жж. – Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

24.12.2011-20.02.2018 – Өзгөчө кырдаалдар министри;

2018-жылдын 20-апрелинен тарта биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM