Биз менен байланышыңыз

Беткапсыз жүргөндөрдү коомдук транспорттон чыгарып жатышат (видео)

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 463 | 0

Бишкектеги коомдук транспорттордо беткап тагынбай жүргөндөргө рейд жүргүзүлдү. Борбордун троллейбустук башкармалыгы ар бир жүргүнчүнү беткап тагынуусун өтүнүп, такпай жүргөндөрдү унаадан түшүрүп салууда.

Кыргызстанда акыркы суткада 100 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Анын 57си Бишкек шаарынан чыкты. Республикалык штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда эң оор эпидемиологиялык кырдаал борбор калаада экенин эскертип жатышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы билдирүүсүндө беткап тагууну милдеттендирүү керектигин айткан. Себеби учурда көпчүлүк экономомикалык ишмердүүлүк ишин жандантып, коомдук транспорттордо социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес болууда. Мындай шартта беткап тагынуу коронавирустан коргонуунун бирден бир жолу экени айтылды.

Рейд по выявлению пассажиров без масок

Опубликовано Бишкекское троллейбусное управление Понедельник, 15 июня 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM