Биз менен байланышыңыз

Сузакта коронавируска бөлүнгөн каражат туура эмес бөлүштүрүлгөн

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 244 | 0

Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы эсепчиси тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Жогоруда айтылган кызмат адамдары облустук администрациянын резервдик фондунун бюджетинен COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 миң сомду Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине айлык маянасына кошумча сыяктуу же материалдык жардам катары бөлүштүрүшкөн.

Өкмөттүн “Резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгына ылайык, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат.

Аталган факт Кылмыш кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM