Connect with us

Алмазбек Баатырбеков вице-премьерликке сунушталды

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 578 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмазбек Баатырбеков биринчи вице-премьер министрлик кызматка сунушталды. Бул тууралуу өкмөт башчылык кызматка талапкерлиги көрсөтүлгөн Кубатбек Боронов парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында айтты.

Алмазбек Баатырбеков “Кыргызстан” фракциясынын лидери болчу. Ал 9-июнда мандатын тапшырган.

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция аткаруу бийлигинин башчылыгына Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөттү. Өкмөттүн буга чейинки башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өз арызынын негизинде отставкага кетти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM