Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов сунушталды. Ал буга чейин Жогорку технологиялар паркынын башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп келген.
Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан 10-июнда кетти. Ал кызматтан кетүүсүнүн себебин Гарвард университетинин мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасында окуй тургандыгы менен түшүндүргөн.
Бирок Догоев кызматтан кеткени менен, санариптештирүү маселеси боюнча президенттин кеңешчиси бойдон калат.