Биз менен байланышыңыз

Боронов: Саясий өмүр жолум элдин сыноосунда болуп келди

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 537 | 0

Өкмөт башчылык кызматка талапкерлиги сунушталган Кубатбек Боронов саясий өмүр жолу элдин сыноосунда жана көз алдында болуп келгенин айтты.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министри болуп 7 жыл, вице-премьер-министрлик кызматта 2 жыл иштеди. Эми аткаруу бийлигинин башына келсе, өкмөттүн буга чейинки программаларын улантарын айтты.

Бирок учурдагы коронавирус пандемиясына байланыштуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарына бир топ өзгөртүүлөр кирип турарын, жергиликтүү кеңештерге, парламентке шайлоону өткөрүү да негизги милдет экенин айтты.

Ал эми буга чейинки өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетишин саясий чечим деп баалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM