Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандар менен байланыш түзгөндөрдүн саны 10 миңден ашты

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 406 | 0

COVID-19 илдетин жуктурган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны – 10 446га жетти. Бул көрсөткүч эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал экенин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал учурда эң оор кырдаал Бишкек шаарында экенин айтып, тургундарды санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 671 адам жатат.

16-июнга карата дагы 100 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында 57 учур, Чүй облусунда 11, Ош шаарында 11, Ош облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2 учур, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 9, Талас облусунда 3 учур катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM