Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 32 бейтаптын абалы оор

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 381 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 32 бейтаптын абалы оор, анын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда ооруканаларда 597 адам дарыланып жатат. 110 адамдын абалы орточо оор, 368 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда 16-июнга карата дагы 100 кишиден коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында 57 учур, Чүй облусунда 11, Ош шаарында 11, Ош облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2 учур, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 9, Талас облусунда 3 учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2472ге жетти.

Ошол эле учурда акыркы суткада 34 бейтап айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 1847 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM