Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дагы бир жаран каза болуп калды

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 516 | 0

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алган дагы бир жаран каза болуп калды. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Анын айтымында, 85 жаштагы аял киши пневмония менен ооруканага түшкөн. Изилдөөлөрдөн кийин анда коронавирус аныкталды. Ал Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында дарыланып жаткан.

Мындан тышкары, башка дарттан каза болуп калган Сузак районунун жашоочусу кан рагы менен ооруп жаткан. Дарыланып жаткан учурда анын коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Бирок бейтаптын негизги оорусу күчөп кетип көз жумду.

«Өлүм учурун тастыктоо жана каттоо боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун эл аралык методикалык колдонмосуна ылайык, COVID-19 инфекциясынан жана негизги илдетинен каза тапкандыгы боюнча түшүндүрмөлөр бар. Анткени өлүм башка дарттан, жаракат алуунун, жол кырсыгынын ж.б.у.с. кесепетинен улам болушу ыктымал, демек өлүм учуру башка кодировка боюнча эске алынат. Аталган учурда бейтапта коронавирус инфекциясы бейтаптын өлүмүнүн негизги себеби катары чыккан эмес. Бул коронавирус инфекциясын жугузуп алган бейтап өзүнүн негизги оорусунан каза тапкан биринчи учур».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM