Биз менен байланышыңыз

16-июнга карата 100 кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 764 | 0

Кыргызстанда 16-июнга карата дагы 100 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарында 57 учур, Чүй облусунда 11, Ош шаарында 11, Ош облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 2 учур, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 9, Талас облусунда 3 учур катталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2472ге жетти.

Ошол эле учурда акыркы суткада 34 бейтап айыгып чыкты.
Бишкек шаарында – 9;
Чүй облусу – 17;
Ош шаары – 3;
Жалал-Абад облусу – 1;
Нарын облусу – 4 бейтап айыкты.
Республика боюнча жалпы 1847 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM