Биз менен байланышыңыз

Кореядан 3 кыргызстандык жаран келди

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 329 | 0

Бүгүн, 16-июнда Кореядан 3 кыргызстандык жаран келди. Тышкы иштер министрлиги мекендештер Казакстандын «Air Astana» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келгенин кабарлады.

Сырттан келген жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат.

Кыргызстанда 15-июнга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2372ге жетти. Бул илдеттен айыккандардын саны 1813.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10 013. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 041 адам жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM