Биз менен байланышыңыз

Шайлоо мыйзамдары үчүнчү окууда каралат

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 284 | 0

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети шайлоо мыйзамдарын үчүнчү окууда карайт. Анда парламентке өтүүнүн босого чегин 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү  сунушталган.

Мындан тышкары, «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Демилгечилер Жогорку Кеңешинин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Нурбек Алимбеков, Мирлан Бакиров.

Күн тартибинде мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Жыйынга Соттор кеңешинин төрагасынын орун басары Чинара Садырова, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Эльмира Байтикова, юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов жана башкалар катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM