Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчылыкка Кубатбек Боронов көрсөтүлөт

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 1417 | 0

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду көрсөтөрү тууралуу айтылып жатат. Боронов учурда өкмөт башчынын милдетин аткарууда.

Премьер-министрликке ошондой эле, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиевдин да аты аталып жаткан.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка көрсөтүлө турчу талапкерди бекитүү үчүн жыйынга чогулат. Жыйындын 16-июнда болору күтүлүүдө. Көпчүлүкт түзгөн коалицияда КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бар.

Өкмөттөгү жеке булактарыбыз билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун ордуна Узарбек Жылкыбаев келет. Учурда Жылкыбаев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM