Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тез тамактануучу жайдан чыккан өрттө бир киши каза болду

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 645 | 0

Бишкектеги Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги  наабайканадан чыккан өрт жанындагы тез тамактануучу жайга да өтүп, анда бир жаран каза болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады. Учурда анын аты-жөнү такталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт тууралуу маалымат күндүзгү саат 15:48дер чамасында түшкөн. Жерине 6 куткаруучу бөлүм тартылган.

Ошондой эле Октябрь райондук милициясы да иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM