Биз менен байланышыңыз

20-июнга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 460 | 0

16-июндан 20-июнга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат.

Чүй, Талас облустары

16-июнда түнкүсүн жана күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 17-июнда күндүз жана 18-июнда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт.

Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

19-июнда Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

16-17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июнда күндүз жана 18-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 18-июнда күндүз жана 19-20-июндарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-июнда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

16-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт.

17-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

18-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 19-июнда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт .

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда күндүз, 18-июнда жана 19-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-18-июндарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-июнда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 20-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

16-июнда жана 17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-июнда күндүз жана 18-19-июндарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-июнда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

16-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-июнда күндүз, 18-июнда жана 19-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-июнда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-18-июндарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM