Биз менен байланышыңыз

Жыштык сатуу фактысы: «Ала-Тв» ЖЧКсынын негиздөөчүсү кармалды

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 536 | 0

«Ала-Тв» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту кабарлайт.

Артур Халдаров радио жыштыктарды мыйзамсыз сатуу боюнча “Коррупция” беренесинин негизинде айыпталууда.

Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын аныктап, 12-июлга чейин Бишкектин 1-тергөө абагында кармоо чечимин чыгарды.

Байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупция боюнча кылмыш иши Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан иликтенүүдө. Буга чейин Байланыш агенттигинин мурунку директору Наталья Черногубова кармалган. Ошондой эле өкмөт аппаратынын айрым кызматкерлери да сурак берип жатканы кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бул иш боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да жооп берүүсүн талап кылган.

Тергөө жүрүп жатканына байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыгып турууну туура көргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM