Биз менен байланышыңыз

Күлүйпа Кондучалованын өмүрү тасмага түштү

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 490 | 0

Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата “Легендага айланган өмүр” аталышында видеотасма даярдалды. Улуттук китепканадан кабарлашкандай, тасмада Кондучалованын өмүр жолу, Кыргызстандын маданиятына кошкон олуттуу салымы жөнүндө сөз болот.

Анда маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев жана Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаевалардын эскерүүлөрү камтылган.

Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата жумалык жарыяланган. Анын алкагында бир топ иш-чаралар өткөрүлдү.

Быйыл Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Ал 1920-жылы 15-июнда жарык дүйнөгө келип, 2013-жылы 93 жаш курагында каза болгон.

Күлүйпа Кондучалова бир нече жолу СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланып, Советтер союзу учурунда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри, андан кийин 20 жылдан ашык убакыт маданият министри болгон.

Кондучалова I жана III даражадагы “Манас” орденинин, Курманжан Датка эл аралык сыйлыгынын ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM