Биз менен байланышыңыз

Абдыгулов: Акча алмаштыруучу жайларды дагы 2-3 жыл жаппай туруш керек

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 444 | 0

Акча алмаштыруучу жайларды жабууну дагы 2-3 жылга кое туруу керек. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Акча алмаштыруучу жайларды жабуу тууралуу 2015-жылы сунуш киргизгенбиз. Бирок анда бул сунуш колдоо тапкан эмес. Азыркы абалды карап туруп, бул демилгени ишке ашырган туура эмес болуп калат. Акча алмаштыруучу жайларды башка лицензияга өткөрүшүбүз мүмкүн. Мыйзам долбоорун талкууда, жалпысынан колдойбуз, бирок азыркы пандемия убагында акча алмаштыруучу жайларды жапкан туура эмес болуп калат. Алгач аларга каникул берүү керек, — деди Абдыгулов.

Буга чейин бир канча депутат өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотууну сунушташкан. Себеби акча алмаштыруучу жайлар кардарларын идентификациялабай, операцияларынын чыныгы санын жашырып жатат деген жүйө келтиришкен. Ошол эле учурда чет элдик валюталарды алмаштыруу процессин коммерциялык банктарда гана жүргүзүү керектигин айтышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM