Биз менен байланышыңыз

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табуу жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 602 | 0

Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табуу жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.

Стационардык текшерүүсүз экспертизага жиберүүгө укук берген оорулардын тизмеси толукталды. Бул өзгөртүүлөр аутизм, дүлөй, дудуктук, ар кандай даражадагы акыл-эс жактан артта калуу сыяктуу оору менен ооруган 20 миңге жакын адамдын кызыкчылыктарына тиешелүү.

Патологиясы бар 2500 кишиге чейин, анын ичинде буту ампутациялангандар мөөнөтсүз күбөлөндүрүлөт. Кайталанбаган анатомиялык дефекттердин тизмеси 35 ден 60%га чейин узартылды.

Оорулардын 24 түрү боюнча кайрадан күбөлөндүрүү мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейин узартылган.

Белгилей кетсек, биринчи жолу жашы жеткенден кийин күбөлөндүрүүдөн өткөн кулагы катуулуктун (тугоухтун) үчүнчү даражасы менен ооруган адамдарга “бала кезинен бери майып” статусу ыйгарылып, майыптыгы боюнча жөлөкпулду эки эсе көп алышат. Жобого өзгөртүү киргизилгенге чейин мындай адамдардын категориясы “жалпы оорудагы майып” катары каралган.

Министрликтин маалыматы боюнча, ушул жылдын башынан тарта республикада 193778 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар бар, алардын 32013ү 18 жашка чейинки балдар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM