Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өтүп жатат

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 555 | 0

Борбордук аянтта үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өтүп жатат. Анын катышуучулары аялдарга болгон зомбулуктан тажашканын айтышууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап алып, чакалап суу чачып, кордук көрсөткөнү жөнүндө видео тараган. Ал кишинин өздүгү такталып, кармалган. 14-июнда ал райондук соттун чечими менен 15 суткага камакка алынган.

Сузак райондук милициясы, жабыркаган аял жолдошуна карата доосу жок экенин айтып, аны бошотуу боюнча тосмо арыз жазганын кабарлады.

Коомчулукта бул окуядан кийин аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселеси козголуп, социалдык тармактын колдонуучулары нааразылыктарын билдиришүүдө.

Статистика боюнча, бир ирет орун алган зомбулук 70% учурда кайталанышы ыктымал. 2013-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын катталган саны 2 миңден ашык болсо, 2018-жылы 7 миңден ашкан.

Үстүбүздөгү жылдын 3 айында 2319 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы орун алган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 65%га көп.

Өкмөт муну аргасыз обочолонуу жана үй-бүлөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен байланыштырат.

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка шектүүлөрдү 48 саатка кармоого болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM