Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Улгайган курактагыларга өзгөчө көңүл буралы

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 351 | 0

«Көпчүлүгү биздин айткан сунуштарды кабыл алгысы келбей жатат. Вирус аларга жетпейт деп сезишет. Бирок вирус коомдун жалпы көйгөйү».  Мындай пикирин Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында айтты.

Ал өзгөчө улгайган курактагы жарандарга көңүл бурууга, алар вирус жуктуруп алса, бардык өнөкөт оорулары козголорун эскертти.

Көчөлөрдө улгайган курактагы жарандар басып жүрүшөт. Аларга вирус жукса саламаттыгына өтө кооптуу учур жаралат. Бардык өнөкөт оорулары күчөйт. Аларды дары-дармек, азык-түлүк менен камсыз кылып, изоляцияда болуусун өтүнөт элек. Алар учурдагы кырдаалда өзгөчө коргоону жана көңүл бурууну талап кылат, — деди Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде дагы 87 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкекте 48, Чүй облусунда 11, Ош шаарында 18, Ош облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абадда 3 учур катталды. Коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 2372ге жетти.

Ошол учурда акыркы сутка ичинде коронавирустан  22 киши айыкты. Жалпы айыккандардын саны 1813 бейтап.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 10 013. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 041 адам жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM