Connect with us

Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн кредиттик аукцион өткөрөт

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 313 | 0

Кыргызстанда коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн кредиттик аукцион өткөрөт.

Сунушталган насыянын жалпы суммасы 1 миллиард сомду түзөт. Коммерциялык банктар бул каражатты максаттуу пайдаланышы, тагыраагы, ишкердик субъектилерди каржылоо, анын ичинде жүгүртүү каражаты катары пайдаланышы керек.

Насыя аукциондун шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 15-июнга белгиленген отурумунда аныкталат.

Аукцион 19-июнда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM