Кыргызстанда коронавирустун экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн кредиттик аукцион өткөрөт.
Сунушталган насыянын жалпы суммасы 1 миллиард сомду түзөт. Коммерциялык банктар бул каражатты максаттуу пайдаланышы, тагыраагы, ишкердик субъектилерди каржылоо, анын ичинде жүгүртүү каражаты катары пайдаланышы керек.
Насыя аукциондун шарттары Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин 15-июнга белгиленген отурумунда аныкталат.
Аукцион 19-июнда өтөт.