Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясы штаттык режимде иштейт

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 367 | 0

Бишкектин 4 районундагы милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери 15-июндан тарта ишке чыкпайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи расмий билдирүү таратты.

14-июнда жергиликтүү маалымат каражаты өздүк булактарына таянып, Бишкек милициясы пандемия учурунда иштеген кызматкерлерге кошумча акы төлөнбөгөндүктөн иш таштай турганын жазган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаал учурунда ишке тартылган кызматкерлерге төлөнүүчү кошумча каражат боюнча тиешелүү документтер Каржы министрлигине жиберилген.

Бишкек милициясы жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, биринчи кезекте жарандарынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM