Биз менен байланышыңыз

Дагы 200гө жакын жаран акысыз гемодиализ ала баштайт

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 323 | 0

Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги бар дагы 174 жаранга акысыз гемодиализ алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал үчүн 75 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ушул жылдын январь айынан бери  кезекте турган бейтаптар болгон. Алар жарым жыл өз каражатына диализ алып келишкен. 13-июнь күнү Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия тарабынан бюджеттик диализ алуучу бейтаптар тандап алынды. 15-июндан тарта алар диализди мамлекеттин эсебинен алышат.

Бүгүнкү күндө 1691 киши бюджеттин эсебинен гемодиализ алат. Анын ичинен 1408 бейтаптын гемодиализ процедурасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржыланат, 283 киши гемодиализди “Фрезениус Медикал Кеа” гемодиализ борборлорунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM