Бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 15-июнь — туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өтөт.
Эскерүү иш-чарасы саат 09:30да “Ала-Арча” көрүстөнүндө болуп, Күлүйпа Кондучалованын жакындары, жалпы маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, куран окулуп, айкелине гүлчамбар коюлат.
Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Ал 1920-жылы жарык дүйнөгө келип, 2013-жылы 93 жаш курагында каза болгон.