Марал Радиосу

Күлүйпа Кондучалованы эскерүү иш-чарасы өтөт

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Баатыры, легендарлуу маданият министри, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 15-июнь — туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өтөт.

Эскерүү иш-чарасы саат 09:30да “Ала-Арча” көрүстөнүндө болуп, Күлүйпа Кондучалованын жакындары, ​жалпы маданият тармагынын өкүлдөрү катышып, куран окулуп, айкелине гүлчамбар коюлат.

Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Ал 1920-жылы жарык дүйнөгө келип, 2013-жылы 93 жаш курагында каза болгон.

Exit mobile version