Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Керемет» банкы каракталды

Кыска кабар | 13 Июн 2020 | 1460 | 0

Кечээ, 12-июнда Бишкектин Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Керемет Банктын” сактык кассасы тонолгон.

Сүрөттөр менен тасмаларга таянсак, чак түштө, саат 12лер чамасында банктын филиалына кирип келген эки азият түспөлүндөгү белгисиз жарандар тапанча колдонуп, кассирлерди коркутуу менен акчаны көтөрүп кетишкен.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги окуя болгонун ырастап, издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Окуя боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси боюнча катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM