Биз менен байланышыңыз

Аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап сабаган киши кармалды

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 716 | 0

Социалдык тармактарда аялдын мойнуна дөңгөлөк байлап, колдорун таңып, бетине чакалап суу чачып жаткан адам камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясы кабарлады. https://www.facebook.com/uulkan.kojoeva/posts/979039819201189

Иш Жазык кодексинин “Уруп-согуп кыйноо” беренеси менен катталып,  шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. жубайы 1973-жылы туулган М.Д. атуу жарандын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Жабыркаган аял 11-июнь күнү Сузак РИИБне арызданган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM