Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропортунун аймагында 1300 койка-орун бар

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 319 | 0

Бишкек шаарындагы обсервация пункттарында 2552 койка-орун, «Манас»  эл аралык аэропортунун аймагында  1300 койка-орун даярдалган. Бардык обсервация пункттарында тийиштүү шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча ӨКМ Башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов билдирди.

25-февралдан бери бүгүнкү күнгө чейин  9 миң адам обсервациядан өтүшкөн.

Бишкек шаардык санэпидемиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашевдин айтымында, экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына – 5 дүкөн, 3 – кафе, 12 – чач тарач, 1 — АЗС, 1 – АОЖ жана 1 – желимдөө объекттеринин жетекчилерине чара көрүү үчүн 23 материал жөнөтүлдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM