Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Орусиянын күнү белгиленди (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 452 | 0

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Орусиянын күнү белгиленди.

Аны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, чет жерде жашаган мекендештер, эл аралык гуманитардык кызматташтык иштери боюнча федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү биргеликте уюштурду.

Иш-чара Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылына арналат.

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу концерт көрүүчүлөрсүз өтүп, Коомдук каналдан жана анын интернеттеги баракчалары аркылуу көрсөтүлдү.

Концертте кыргызстандык жана орусиялык ырчылар, бийчилер, чыгармачылк топтор өз өнөрүн тартуулады.

2020-жыл Кыргызстанда Орусиянын, Орусияда Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп белгиленип, анын алкагында 200гө жакын иш-чаралар өтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM