Биз менен байланышыңыз

Солтонбекова: 500 миңден ашык үй-бүлө азык-түлүк баштыкчаларын алды

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 409 | 0

Кыргызстанда өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери TUNDUK.KG порталы аркылуу гуманитардык жардам сурап 838 миң 924 үй-бүлө кайрылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Бүгүнкү күндө 524 миң 645 үй-бүлө азык-түлүк баштыкчалары менен камсыз болду. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттен – 64 миң 646, демөөрчүлөрдөн – 285 миң 111, министрликтин депозиттик эсебинен – 26 миң 616, Өкмөттөн бөлүнгөн каражаттардан 200 млн. сом – 148 миң 454 үй-бүлө жардам алды.

Министрликтин алдында депозиттик эсеп алчылганда тарта жалпысынан 17 млн 423 282 сом түшкөн. Анын ичинен комиссиянын чечими менен 16 млн 139 миң 996 сом муктаждарды азык-түлүк менен камсыз кылууга бөлүнгөн.

Депозитте калган сумма 1 млн 283 миң 286 сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жалпысынан 8181,75 тонна ун бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM