Биз менен байланышыңыз

Чүйдө кайсы бала бакчалар иштеп жатат?

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 633 | 0

Чүйдүн Жайыл, Москва, Аламүдүн райондорунда жеке менчик бала бакчалар «Үмүтай», «Эркетай», «Баластан» бала бакчалары иштерин жандандырды.

Ошондой эле, Москва районундагы «Винни Пух» жеке менчик бала бакчасы ачылганы жатат.

Аламүдүн районундагы жеке менчик бала бакчалар «Том и Джери», «Архимед – кидс» жана «Точка роста» өз тарбиялануучуларын кийинки жумадан баштап кабыл алууга киришет.

Бала бакчага барган балдардын ата-энелеринен маалымкат милдеттүү түрдө керектелбейт. Бирок үйдө болгон ата-энелер менен учурда жумушу жанданган ата-энелерден, бала бакча алардын иштеген жана жашаган жери тууралуу маалымат алууга укугу бар, — деп белгиледи Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова.

Бишкекте коронавирус илдетин жалпы 610 адам жуктуруп алган. Анын ичинде бала бакчанын кызматкерлери да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM