Биз менен байланышыңыз

Санитардык эрежелерди бузган коомдук транспорт, кафе, ресторандар жабылат

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 497 | 0

Коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар санитардык эрежерлерди бузгандыгы үчүн жабылат. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылды. Тармактык мамлекеттик органдарга бул объектилерди текшерүүнү күчөтүү тапшырылды.

Маршруттук таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири беткап тагынса, беткапсыз түшкөндөрү дагы бар. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле кырдаал. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара — аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт. Коопсуздук кызматы беткап тагынуу жана колду дезинфекциялоого көзөмөл жүргүзгөн айрым соода объектилеринин тажрыйбасы бардык коомдук жайларда колдонулушу кере», — деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте Бишкекте маршруттук таксилердин 46 фирмасы, бир нече такси фирмалары текшерилип, протоколдор түзүлүп, айыппулдар салынды.

Мэрия кварталдык комитеттерден жашоочулар арасында COVID-19 илдетинин белгилеринин бар-жогун сурай башташканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM