Биз менен байланышыңыз

19 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 325 | 0

Бишкекте 19 жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал белгисиз жарандын ишенимине кирип, 1 миллион 615 миң 900 сомун алып, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

8-июнь күнү жабырлануучу аял милицияга жардам сурап кайрылган. Анда бир кыз менен бир бала өздөрүн «Форекс» биржалык компаниясынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, акча каражатынан пайда табууну убадалашкан.

40-50 пайыз киреше табууга мүмкүн экенин айтышып, терминал аркылуу 1 миллион 615 миң 900 сом алып, изин жашырып кетишкен. Бул факты менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам тергө иштеринин жүрүшүндө 2001-жылы туулган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуя болгон учурда шектүү менен бирге жүргөн жигит күбө катары өтүп жатат, тергөө иштеринин жыйынтыгына ылайык анын иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Биринчи Май райондук соту 11-июнда 19 жаштагы кызга карата 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча амалдар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM