Connect with us

Бишкекте коронавирус жуктургандардын 482си шаар ичинде жашайт

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 470 | 0

Бишкек шаарында коронавирус илдетин жалпы 610 жаран жуктуруп алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Алардын 85и сырттан келген жарандар болсо, 525и байланыштын негизинде илдетти жуктурган.

Ошондой эле вирус жуктурган 482 жаран шаардын ичинде жашайт, 128и шаар четинде жашаган адамдар.

Ошол эле учурда оорудан 367 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Медициналык көзөмөлдө 370 адам бар. Илдеттин кесепетинен каза болгондордун бешөө Бишкек шаарынан.

12-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2166 учур катталды. Алардын 1668и айыгып, 26 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM