Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Путинди Орусиянын мамлекеттик күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 395 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июнда Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Орусия элин мамлекеттик майрамы менен куттуктады.

Жээнбеков Орусияны улуу тарыхы жана маданияты, ири жетишкендиктери жана уникалдуу жаратылыш байлыктары бар өлкө деп баалап, Путиндин түздөн-түз катышуусу менен мамлекеттик курулушта ийгиликтерге жетишкенин айтты.

Кыргызстанда жалпы тарыхый мурас, сиздин Кыргызстан менен Орусиянын кылымдарды карыткан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымыңыз, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде көрсөткөн колдооңуз жогору бааланат, -деп айтылат куттуктоодо.

Президенттин айтымында, кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өнүгөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM