Биз менен байланышыңыз

Казакстандын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу үчүн сынак өтөт

Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 614 | 0

Казакстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алуучулар үчүн тандоо сынагы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

2020-2021-окуу жылында Казакстандын жогорку окуу жайларында акысыз билим алууну каалагандар үчүн сынак 23-24-июнда өтөт.

Орто баасы «В» же «4»төн, же GPA 3.3 (4.0дөн) кем эмес болгон талапкерлер гана сынакка катыша алышат.

Бакалавриат программасына тапшыруучулар үчүн 23-июнда математика, Кыргызстан тарыхы, англис тили боюнча сынак компьютердик тестирлөө форматында өтөт.

Магистратура программасы боюнча талапкерлер үчүн сынактык тандоо 24-июнда өтөт. Талапкерлер менен уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрү аӊгемелешет.

Казакстандын ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу 2020-жылдын 19-июнуна чейин узартылат (саат 17:00гө чейин).

Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында сынактык тандоонун алдында талапкерлердин температурасы милдеттүү түрдө текшерилет, ошондой эле колдору антисептикалык эритме менен тазаланат. Талапкерлер социалдык аралыкты сактоо менен орундуктардан орун алышат.

Министрликтин имаратына тек-жайын тастыктаган документтери (паспорту же айдоочулук күбөлүгү), ошондой эле беткап жана колкаптары бар талапкерлер гана кире алат. Бул шарттарды аткарбаган талапкерлер сынактык тандоого катыша албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM