Биз менен байланышыңыз

Евробиримдикке кирген өлкөлөр 1-июлдан баштап тышкы чек араларын ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 506 | 0

Еврокомиссия Шенген зонасына кирген Евробиримдикдеги өлкөлөргө 1-июлдан тарта тышкы чек араларды ачууну баштоого сунуштама берди. Комиссия бул убакытка чейин биримдиктеги өлкөлөр арасындагы чектөөлөр алынат деген көз карашта.

1-июлдан тарта бир нече категориядагы чет өлкөлүктөр үчүн, анын ичинде студенттер жана жогорку квалификациялуу жумушчулар үчүн чек араны ачуу сунушталды. Ошол эле учурда Евробиримдикке кирбеген бир нече Балкан өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дагы чек араны ачуу сунушталууда.

Андан аркы чечимдер эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот.

Ал арада Шенген аймагына кирген өлкөлөрдүн консулдуктары тарабынан виза берүүнү жандандыруу үчүн критерийлер иштелип чыкты, бирок так датасы айтыла элек.

Еврокомиссиянын сунуштарын Евробиримдикке кирген өлкөлөр жактырышы керек.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн көбүндө коронавирус жуктурган жана өлгөн кишилердин саны барган сайын азаюуда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM