Биз менен байланышыңыз

Араванда ири мөмө-жемиш багын өстүргөн ишкер аял

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 662 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Ош облусунун Араван районунун Найман айылындагы экспортко багытталган жана түшүм жыйноо мезгилинде миңге чейин адамды жумуш менен камсыздай алган ири мөмө-жемиш багын көрүп чыкты.

Жергиликтүү ишкер Гүлзар Абдылдаева толугу менен тамчылатып сугарылган бактын 183 га аймагында 100 миңден ашуун шабдалы, алча, бадам жана жаңгак көчөтү отургузулганын маалымдады. Электр линиялары тартылып, кошумча трансформатор коюлган. Сугаруу үчүн 12 суу топтоочу цистерна орнотулган.

Бул долбоорго тартылган жергиликтүү инвестициялардын жалпы көлөмү 70 миллиондон ашуун сомду түзгөн.

Ал бактын аймагына логистикалык борбор жана жемиштерди кайра иштетүүчү цех курууну пландап жатат. Ал үчүн долбоор менен чыгым сметасы даярдалган, жеңилдетилген насыя алуу керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн каржы институттары ата мекендик айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган ушул сыяктуу долбоорлорду колдошу керектигин айтып, жергиликтүү бийлик органдарын логистикалык борбордун курулушуна көмөк көрсөтүүгө чакырды.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM