Биз менен байланышыңыз

Парламентте Канттагы авиабаза боюнча протокол талкууланды (видео)

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 447 | 0

Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуу Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында биринчи окууда каралды. Анда макулдашуулар тууралуу кенен түшүндүрмө берилди.

2012-жылдын 20-сентябрында Каракол, Майлуу-Суу, Кант шаарларында Спартак жана Чалдыбар айылдарында Орусиянын аскердик объектилеринин туруусун жөнгө салган макулдашууга кол коюлган.

2016-17-жылдары аскердик объектилерин жайгаштыруу үчүн Орусия ижарага алган жер тилкелери инвентаризацияланган.

Анын жыйынтыгында, Орусия 2012-жылдагы макулдашууда белгиленген көлөмдөн 58 га көп аянттагы жерди колдонору аныкталган. Ушуга байланыштуу макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн протоколдун долбоору иштелип чыккан.

Анда негизги үч маселе боюнча сунуштар жазылды. Алар:

1-Ижарага алынган жер тилкелеринин көбөйүшүнө байланыштуу акыны да көбөйтүү. Ал жылына 291 миң 600 долларды түзөт;

2-Орусиянын эсебинен авиабазанын учуп-конуу тилкеси жана аэдромдук аймактын башкы объектилери оңдолот;

3-Кыргызстандын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев, бул протоколго Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын чечими бар экенин, мыйзам долбоорун дароо үч окуудан колдоп берүүнү суранды.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Буга чейин бул долбоорду Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети биринчи окууда колдоп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM