Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 21%га төмөндөдү

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 549 | 0

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-апрель айларында 1 млрд 753.9 млн долларды түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 21%га төмөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети таратты.

Ал эми импорттун көлөмү 31.4%га төмөндөп, экспорт 2.7%га жогорулаган.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен болгон соода алакасынын көлөмү 8%га төмөндөгөн. Тагыраагы, быйыл 4 айда 764 млн долларды түзгөн. Бул 2019-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 8%га төмөн.

Ушул эле биримдиктеги өлкөлөр менен экспорт — 17.4%га, импорт — 5.2%га төмөндөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM