Биз менен байланышыңыз

Нарында стационардык вирусологиялык лаборатория жайгаштырылды

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 320 | 0

Нарында стационардык вирусологиялык лаборатория жайгаштырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук инспекциясынын лабораторияларынын базасында, Нарында, Талас облусунда жана туристтик мезгилде изилдөө жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол шаарларында вирусологиялык лаборатория жайгаштырылды.

Коронавирус менен катталган жалпы учурдун 28%ы сырттан жугузуп алган жарандар. 72%ы медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталган.

Айыгып ооруканадан чыгарылгандар – 75,2% жана каза болгондор – 1,2%ды түздү. Азыркы күндө дарыланып жаткандар – 23,7%ды түзөт.

Бардык иш чөйрөлөрү жанданып жаткандыгына байланыштуу кырдаал курч бойдон калууда.

11-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 2129га жетти. Алардын 1630у айыгып, 26 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM