Биз менен байланышыңыз

2019-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли төмөндөгөн

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 264 | 0

2019-жылы республикада жакырчылыктын деңгээли төмөндөдү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет таратты.

2019-жылда жакырчылыктын деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түздү, бул өткөн жылга карата 2,3 пайыздык пунктка төмөн.

Шаар жерлеринде жакырчылыктын деңгээли 5,4 пайыз, айыл жерлеринде –0,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2019-жылы кедейчиликтин деңгээли Талас облусунда 8,8 пайыздык пунктка;

Жалал-Абадда 5,3 пайыз;

Нарын 2,5 пайыз; Баткен 1,2 пайыздык пунктка;

Ош 0,7 пайыздык пунктка;

Бишкек шаарында 3,5 пайыздык пунктка;

Ош шаарында 14,8 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

Ал эми Чүй облусунда — 3,5 пайыздык пунктка жана Ысык-Көлдө 2,9 пайыздык пунктка кедейчиликтин өскөндүгү белгиленди.

2019-жылы 17 жашка чейинки 660,8 миң бала кедейчилик шартында жашаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM