— Биз буга Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункту гана киргизип жатабыз. Тагыраагы, 2016-жылы буга чейин ижарага берилген жерлерди биргелешип инвентаризация кылганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калган. Буга байланыштуу ал жер үчүн кошумча жыл сайын 291 миң доллар акча төлөнсүн деген максатта өзгөртүүлөр сунушталды. Мындан тышкары, Орусия 2012-жылдан бери негизсиз которбой жаткан 4,5 миллион доллар акчаны дагы түшүрүү максатын көздөп жатабыз, -деди Пирматов.
Исхак Пирматовдун айтымында, азыркы мыйзам долбоорунда жер тилкеси тууралуу сөз жок. Орусия тарабынан жер тилкелерин жана суу аянтын пайдалануу үчүн жылдык ижара акысынын суммасы 4 млн 500 миң долларды түзөт. Протокол күчүнө киргенден кийин сумма 4 млн 790 миң долларга жетет. Орусия ошондой эле учуу мейкиндигин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөп берет.
Эксперт: Бул кооптуу прецедент — кооптуу адатка айланышы мүмкүн
Аталган протоколдун түзүлүшүн Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мындай прецедент биринчи жолу жаралып жатат.
—Прецедент дегени бул — алар: «үстүндөгү плиталар биздики, жер силердики» деп атат. Мисалга ала турган болсок, кытайлар бизге түндүк-түштүк жолун салып жатышат. Алар каалаган убакта биз акчасын бере албасак, алар «жол биздики, жер силердики» десе, ушундай дагы болот беле? Прецедент түзүлүп жатат, эртең эле Кытайга карызыбызды төлөй албасак, эмне болот? Алар: «Орустарга бердиңер, биздин эмнебиз кем?» — деп айтат да. Биз ЖЭБди деле карызга салбадыкпы, алар дагы ЖЭБ биздики, астындагы жер силердики» десе ушундай болобу? Бул эми кызыктай эле жаш балдардын оюнундай болгон нерсе, ушун митайым комбинация менен прецедент түзүлүп жатат да. Мунун эмнеге алып барары жакынкы 2-3 жылдан кийин билинет. 2022 -жылдан баштап өлкөнүн тышкы карыздар боюнча пайыздарын төлөшүбүз керек. Ошондо «Орусияга бердиңер, бизге эмне бербейсиңер» деп айтпайт деп ким кепилдик берет? 30 жылдан бери бир дагы учагыбыз жок, алар өздөрүнүн учактарын учуруп, жайгаштырып, анан учуп-конуу тилкесин «оңдойт элем, анан бизге өткөзүп бересиңер» дегенин таптакыр туура эмес деп эсептейм, — деди Аскар Бешимов.
Аскар Бешимовдун айтымында, башка өлкөлөрдөн канча гранттарды, долбоорлорду алсак да, бирок бир да жолу мындай талап болгон эмес.
— Ошол эле учурда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында «201-дивизиясы» бар. Анда Орусиянын 22 миң аскери бар. Мына ошол Тажикстанда тосмо коёбу, жол салабы «жер силердики, забор биздики» деген жок. Себеби, алар убактынча келишкен, мына ошол убактынча пайдаланууга толук мүлк укугун берүүнүн кажети барбы-жокпу, ошону түшүнбөй жатам. Буга чейин алар канча үйлөрдү салды, имараттарды оңдоду. Бирок бир да мындай талап болгон жок, азыр эле учуп-конуу тилкесин реконструкциялоодо ушул маселени көтөргөнүү түшүнүксүз болуп калды. Мындай прецедент түзүүнүн кандай максаты бар, алдыда биле жатарбыз. Эми мунун жөн эместиги түшүнүктүү эле да, — деп сөзүн жыйынтыктады Аскар Бешимов.
Молдова орус аскер контингентин өлкө аймагынан көп жылдан бери чыгара албай келет
Орусиянын учурда ондон ашык өлкөлөрдө аскердик базалары бар. Бул Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиянын аймагынан тышкары жайгашкан ар кандай аскердик түзүлүштөрү жана объектилери. 2003-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги чет өлкөлөрдөгү орус аскер контингентинин келечеги боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгууну баштаган. Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн реформаланышы учурунда, жакынкы чет өлкөлөрдөгү орус аскер базалары бир аз кыскарып, жаңы авиация жана башка жогорку технологиялык түзүлүштөр жана куралдар менен бекемделүүдө.
2003-жылдагы келишимдин негизинде Орусиянын чет өлкөлөрдөгү аскердик объектилери (аскер бөлүктөрү жана курамдары) төмөнкү өлкөлөрдө жайгашкан:
- Абхазия;
- Армения;
- Беларуссия;
- Казакстан;
- Кыргызстан;
- Молдова Республикасы;
- Сирия;
- Сербия;
- Италия;
- Тажикстан;
- Түштүк Осетия.
Мындан сырткары, буга чейин дагы 11 өлкөдө Орусиянын аскердик базалары болгон. Алар: Азербайжан, Вьетнам, Германия, Грузия, Иран, Казакстан, Куба, Монголия, Польша, Балтика мамлекеттеринде жана Украина (Крым).
Мына ошондой Орусиянын башка өлкөдөгү аскердик базаларынын бири Молдова Республикасынын Приднестровье жаңжал чыгып кетүү кооптуулугу бар аймакта тынчтыкты сактоого, ошондой эле Совет доорунан калган ок-дары сактоочу жайларды сактоого көмөктөшүү максатында киргизилген. Молдова бийлиги Приднестровьеден орус аскерлерин чыгарып кетүүнү көп жылдан бери талап кылып келет. Орусиянын аскерлерин чыгаруу Молдова Республикасы үчүн эң башкы приоритеттердин бири бойдон калып жатканын 2019-жылдын 11-сентябрында Москвада өткөн жыйында аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Николай Попеску билдирген болчу.
Ал Орусиянын Приднестровьедеги аскердик базасы Молдованын Конституциясында бекитилген бейтараптык принцибине карама-каршы келе тургандыгын билдирген. Аталган базадагы аскер кампаларында сакталган Орусиянын курал-жарактары жана ок-дарылар Молдованын аталган аймактагы жашоочуларына, ошондой эле бүтүндөй аймакка туруктуу коркунуч жаратып келе жатканы белгилеген. Ошол эле учурда, молдовалык министр Орусияны ок-дарыларды жок кылуу маселеси боюнча эки тараптуу форматта, эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде ЕККУнун катышуусу менен талкуулоону сунуш кылган. Приднестровьедеги мурдагы Орусиянын 14-армиясынын кампаларындагы ок-дарыларды жок кылуу жөнүндө келишимге 1997-жылы Орусия жана Молдова кол койгон.
Орусиянын Молдова Республикасынын Приднестровье аймагында жайгашкан аскердик күчү 1995-жылы апрелде Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн 14-гвардиялык курама армиясынын базасында түзүлгөн. Анын штаб-квартирасы Тирасполдо жайгашкан. Аталган аскердик топ 1992-жылдын 21-июлундагы Молдова Республикасынын Приднестровье аймагында куралдуу чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча макулдашууга ылайык Молдовада турат.
Кошумчалай кетсек, Орусия Кыргызстандагы авиабазалары үчүн 1993-жылдан бери акчалай төлөм төлөбөй, болгону аскердик-техникалык жардам берип келген. 2012-жылдан баштап, келишимге ылайык, 4 млн 500 миң доллар төлөп келишкен, ашыкча пайдаланып келген 58,32 га жер тилкеси аныкталгандан кийин, эми протокол ратификацияланса, 291 миң 600 долларга көбөймөкчү. Ошондо ижара акысы жылына 4 млн 790 миң долларга чыгат.
Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 3 окууда бир кароо менен кабыл алды, 109 депутат макулдугун берди.