Биз менен байланышыңыз

Боронов: Элге коронавирустун жаңы толкуну болушу ыктымал экенин түшүндүрүү керек

Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 635 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын эпидемиологиялык абалы боюнча жыйын өткөрдү. Ал борбордо коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылды.

-Шаарда күнүгө вирусту жуктургандар аныкталууда, ошол эле учурда илдет менен ооругандардын көпчүлүгүнүн инфекцияны кайдан жугузганы белгисиз. Калаада экономиканын дээрлик бардык тармактарында иш жанданып, коомдук транспорт, ири базарлар жана соода аянттары иштеп жаткан кырдаалда вирустун жайылышын алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан абалды турукташтырып, иштөө ыкмасын белгилүү бир деңгээлде алмаштыра турган иш-чараларды кабыл алуу зарыл, — деди Боронов.

Шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү жума сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабуу, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароону сунушташты. Ошондой эле, ишкана ээлери менен коомдук жайларга барган адамдардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу, коомдук транспорт, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү сунушталууда.

-Жарандарды сасык тумоодон вакцинациялоо боюнча маселени иштеп чыгуу, калк арасында коронавирустун жаңы толкунунун пайда болуу ыктымалдыгын жана иммунитетти чыңдоо, маска кийүү, обочолонууну сактоо зарылдыгы тууралуу  кеңири түшүндүрүү керек, — деди Кубатбек Боронов.

10-июнга карата коронавирус жуктургандардын саны 2093кө жетти. Алардын ичинен 1572 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM