Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Баткендеги тургун инсульттан каза болду

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 868 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын тургуну инсульттан каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн маалымат каражаттары чек арадагы чырда жаракат алган тургун каза болгонун жазышкан.

Министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, чек ара чырында жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 4 киши жалпы палатага которулду, абалы туруктуу.

Ал эми 9-июнда түндө инсульттан көз жумган маркум 31-майда Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыккан чырда ошол жерде болгон. Ошол күнү экинчи жолу инсульт болуп ооруканага түшкөн. Ал жандандыруу бөлүмүндө 10 күн жаткан. Ал 2014-жылы да инсульт алган.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылынын жана Өзбекстандын Сох анклавынын элинин ортосунда чыккан чырда 20дан ашык адам жаракат алган. Бул жолу чыр суу талаштан улам чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM