Биз менен байланышыңыз

Ошто электробустарды чыгарган «Кыргыз унаа курулуш» заводу ачылды (фото)

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 2460 | 0

Ош шаарында электробустарды чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» заводу ачылды. Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Заводдун курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, завод өз ишин баштады. Ишканада 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү, ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.

Ошондой эле, Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.

Мындан тышкары, чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM