Биз менен байланышыңыз

«Бишкек-Ош-Бишкек» каттамы күнүнө эки жолу жүргүзүлөт

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 475 | 0

12-июндан тарта «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча каттам күнүнө эки жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Манас» Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Каттамдарды «Тез Жет» авиакомпаниясы ишке ашырат.

Каттамдардын жүгүртмөсү (учуу):

— Бишкектен – 08:00; Оштон – 09:30 (таңкы каттамдар);
— Бишкектен – 15:15; Оштон – 16:45 (күндүзгү каттамдар).

Авиабилеттерди сатып алуу боюнча жүргүнчүлөр алдын ала авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнө кайрылуусу керек.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын бөгөттөө максатында, аэропорттордун терминалдарына кирүүгө уча турган жүргүнчүлөргө гана уруксат берилет. Аларда беткап жана учууга билеттери болушу керек.

Бардык жүргүнчүлөр кире бериште термометрден жана дезинфекциялык туннелден өтүшөт. Социалдык аралыкты сактоо үчүн аэропорттордо атайын белгилер коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM