Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков электробустарды чыгара турган заводго барды

Кыска кабар | 10 Июн 2020 | 515 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июнда, Ош шаарында электробустарды чыгара турган «Кыргыз Унаа Курулуш» заводуна барды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, завод өз ишин баштады.

Ишканада 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү, ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробустун прототиби даярдалууда.

Мындан тышкары, чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 млн доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.

Президент өлкөдө мындай завод биринчи жолу курулуп жатканын белгиледи. 2001-жылы Японияга окуу программасынын алкагында «Тошиба» компаниясынын заводунда болгонун эскерип, япон корпорациясынын ишмердүүлүгү менен корпоративдик этиканын принциптери жөнүндө айтып берди.

Тошибанын” ар бир кызматкери иштеген ишканасына өзүнүн жеке менчигиндей мамиле кылып, анын өнүгүшүнө кызыкдар экен. Өздөрүнүн билими менен күчүн арнап, алардын жетиштүү жашоосуна таасир этерин аңдап, компаниянын гүлдөп-өсүшү үчүн ак ниеттүүлүк менен иштешет, — дейт Жээнбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM